35 жаштагы жаран Ак-Буура дарыясына түшүп кетип каза болду

1981-жылы туулган Улан Кочкоров аттуу жаран Ак-Буура дарыясына түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 22-июлда билдирди.

Маалым болгондой, 21-июль күнү саат 17:45 чамасында Кара-Суу районундагы Учар айылынын тургуну Улан Кочкоров Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 8 куткаруучусу барып, саат 20:10 чамасында жансыз денесин дарыядан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tashi62
2016-07-22 13:13:28
Пай пай жаман иш болуптур жайы жаннаттан орун алсын . Жакшы киши эле.
0
altynka95
2016-07-22 16:29:53
Сууга чогуп кеткендер коп болуп жатат го быйыл
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан