Аламүдүн районунда "пенсионерди сабап, 16 миң сом акчасын жана алтын шакегин алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда "пенсионерди сабап, 16 миң сом акчасын жана алтын шакегин алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-апрель күнү Аламүдүн районунун Р.Я. аттуу 79 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда аны белгисиз адам сабап, 16 миң сом акчасын жана алтын шакегин алып качып кеткенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы И.А. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан