Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча Сузак районунун акимине козголгон кылмыш иши сотко өттү

Сузак районунун акимине козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районунун учурдагы акими М.А., Сузак райондук сот аткаруучулар кызматынын өкүлү Д.К. жана Сузак райондук кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча башкармалыгынын каттоочусу М.Т. “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөдө сот аткаруучу Д.К., Сузак райондук Кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы, учурдагы аким М.А. жана ошол эле башкармалыктын каттоочусу М.Т. өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун 6,7 миллион сомго бааланган кыймылсыз мүлкүн жашырып, Санжар Бакиевге мыйзамсыз өткөрүп беришкени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
futboler
2016-07-22 18:10:43
Муну да актагыла эми, откондогудой
+3
Frunze74
2016-07-22 18:36:08
Эл Ош окуясына чейин да, кийин да Батыровдун бардык мулктопун конфискациялап мамлекеттин балансына откорууну талап кылышкан. Сузак райондук соту эркектик кылып Батыровдун мулкторун конфискациялоого чечим чыгарган. Бирок Жалал-Абад облустук соту Ош коогаланы боюнча камалгандардын айрымдарын азаттыкка кое беруу, айрымдарынын жазасын женилдетуу, Батыровдун мулкторун озундо калтыруу ж.б.тескери окумдор чыгарган, б.а. акчага сатылганы даана корунуп турат.
+7
Frunze74
2016-07-22 18:43:54
Кийин мен билгенден Кадыржан Батыровдун бир топ мулку, ишканаларын анын аялынан Салижан Шарипов учкучубуз (!) сатып алган адам болуп озуно каттатып жаткан, Батыровдун мулкторуно эч ким тийбеш учун. Кийин эмне болгонунан кабарым жок, айтор бул жерде биртоп оюндар болуп отту. Бул мулкторду эбак эле Мамлекет озуно откоруп, Батыровдун тиги университетин облустук тороткана (2-корпус) кылса болмок, облустук торотканага адам батпай, эл кыйналып жатканда.
+6
Bek1996_01
2016-07-22 19:33:29
frunze74 ошону айтсан окмот Кадыржандын унуверситетин алалышпады 2010-жылдан бери иштетилбей турат кимге пайда кимге зыян
+3
jibew
2016-07-22 22:09:23
Университеттин бир корпусу обл.сот болду экинчи корпусу ГОВД болду мен билгенден
-3
Frunze74
2016-07-22 23:16:06
jibew, обл.сот менен ГОВДнын имараты туруп имаратка зар бекен?! Обл.оорукананын бир топ болумундо пациенттерди жаткырууга палата жетишпейт, айрыкча обл.торот уйундо. Эч болбосо ГОВДнын учурдагы имаратын торот уйуно, соттун имаратын оорукананын бир болумуно беруу керек. Озу кайдагы пайдасынан зыяны коп, ашка жук башка жук ишканаларга имарат да, акча да табылат да, оорукана, бала бакча, мектептерге келгенде эч нерсе жок адаттагыдай...

Ал эми жогорудагы сумма Батыровдун байлыгынын бир
+2
Rifle_S
2016-07-22 23:00:20
Кыргыз жеп жуткуч окшойбуз каныбыздан эле. Канчалаган кыргыздын убалына калган К.Б мүлктөрүн раз эле алып, керектүү мекемелерге берип салбайбы. Эч кимсине каттатпай туруп, каттатып койсо аларды да алыш керек эле.
Мага окшогондор бийликке келбейт бекен а ? Же бийликке келгендердин башы ушунчалык жокпу ?
+2
Sultanim
2016-07-23 00:49:24
Rifle_S,Тагдырында болсо бийликке келээрин,ушул создорунду унутпа )
0
MIRAN
2016-07-23 00:05:31
Админге кантип жазам ссылкасын жиберип коюнуздар
0
Bek1996_01
2016-07-23 00:09:36
rifle_s айтып койу оной бирок ишке келгенде айткандарынды унутуп каласын
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан