СУПЕРСТАН: "Бакыт үчүн насыя эле эмес, бардык курмандыктарга барса болот"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бакыт үчүн насыя" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Азыр көпчүлүк насыя маниясы менен ооруйт. Жакшылык-жамандыкта ойлонбой туруп насыя ала коёбуз. Кээде бакыт үчүн дагы. Мисалы: насыя алып үйлөнмөй, калың бермей, сеп даярдамай... Ушундай бакыттын кереги барбы?"

"Насыя алып үйлөнбөй эле коюш керек деп ойлойм. Кийин аялыңа "сени насыяга алгам" деп айтасыңбы?"

"Кредит - бул арам акча. Аны иштеткенге болбойт. Ал эми той-аштарга өздөрүнүн деле акчалары жетет. Болгону эл көзүнө, душман көзүнө дүңгүрөтүп той беришибиз керек деп насыя алышат. Ушинтип болгон акчабызды чачып алабыз. Эртеси бири-бирибизди тиктеп отуруп калабыз. Аны төлөш керек, ошол мезгилде көйгөйлөр башталат. Негизинен эле чоң той берүүнүн кереги жок, бекерден-бекер ысырапкорчулук".

"Бакыт үчүн насыя эле эмес, бардык курмандыктарга барса болот".

"Жакында мен да ушундай окуя уктум. Бир үй-бүлө кызынын себин укмуш кылабыз деп насыя алышат. Натыйжада карызга батышат, кызы да ажырашып кетет. Арам нерсе жукпайт деген чын да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
FINAL
2016-07-24 18:33:05
"Кредит алып бактылуу болдум" деген адамды корода, угада элекмин. Бут кредитке чаабылгандар бактысыздар!
+3
lexus47
2016-07-24 19:23:14
Кредит алып иштесен тытынып иштейсин кой кредит толош керек деп) эптегендер учун жакшы нерсе ал... биз кудайга шугур кредит менен эле баарына жетишип келатабыз
+6
Pirimkul
2016-07-24 20:01:34
Кредит алып бакыт таап кеткен адамды коро элекмин.

Насыя гоштон нак опко деген соз бар кыргызда. Ач отурсанда тынч отур. Эл корсун кожо корсун деп кредит алып той берип авторитет топтоп мактангыча. Кысчуу жерди кысыып арканы караап иш кылган жакшы болот.
-2
fonarik
2016-07-24 21:32:30
lexus47 туура айтат, эптеген адам кредитке алынган акча болсо да ордун таап туура пайдаланууну билет. Сарамжал боло албаган адам кредитти куноолобош керек. Кредит алып атасына аш берген, машина алып, уй салган, бизнесин курган адамдарды коргом.
+5
tyrgon
2016-07-25 00:58:47
fonarik жок кредит бул озу арам Акча арам Акча менен туболуктуу жашоонду баштаган турабы дейт. Эми ар ким оз эрки ким Кандай акча менен менен иш жургузот бирок Мусулмандарга бул туура эмес а мусульман эместер пожалуйста каалагандай колдонсун
0
arzygulR
2016-07-25 02:44:21
Lexus47,fonarik силердин айтканынарга кошулам.
Кредитти тологонго козу жеткен алыш керек ал мн деле бизнес кылса болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан