Бейтааныш эне ымыркайын үй ээсинин колуна карматып, өзү качып кетти

"Чүй облусунда белгисиз эне жаңы төрөлгөн ымыркайын бейтааныш адамдын үйүнө таштап, качып кетти". Бул маалыматты бүгүн, 9-апрелде Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. “4-апрель күнү Үч-Эмчек айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Кечки саат 20:00 чамасында 20-25 жаштардагы бейтааныш келин аталган жергиликтүү тургундун үйүнө келип, ымыркайды кармап туруусун суранып, андан соң качып кеткен”,- деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы. Айта кетсек, төрөлгөнүнө 3 гана күн болгон кызды дарыгерлер текшеришип, абалы жакшы экени белгилүү болду.

   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jibeka_foreve.live
2013-04-09 17:48:28
Канчалаган адамдар балага зар болуп журушот а башкалар болсо кор кылышат.Байкуш ымыркайда эмне куноо эртенки келечеги эмне болот
+3
baibolot71
2013-04-10 06:15:16
Эмне деген заман,кукук энелер кобойушуп.Дагы жакшы башка жакка таштабай адамдын колуна карматып кетиптир.
+2
nurikkg1
2013-04-15 02:21:00
ух кандай шумлук ошол энеге олум бобоко омур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан