Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна селдин айынан таш кулап, жол эки тараптуу жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-июлда кабарлады.

"Нарын шаарындагы мөндүр аралаш катуу жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда шаарга кире бериш жерде тоолордо сел жүрүп, жолго таш кулаган. Андыктан жол эки тараптан убактылуу жабылды", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.

Мындан сырткары Шералиев көчөсүндө 3-4 үйдүн короосуна суу киргени маалым болду.

"№16-Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүктүн куткаруучулары окуя болгон жерге чыгып кетишти. Сел сууларын сордуруу иш-чаралары аткарылууда. Учурда ал жерде ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Токтобек Шонкоев жетектеген ыкчам топ жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жүрөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан