22-июлда Бишкек шаарынын А.Бекжан аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анын акчасын жана баалуу буюмдарын алып кеткенин билдирген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, арыз ээси 4-июлда саат 18:30 чамасында Фучик көчөсүндө жайгашкан Фучик эс алуу багынын аймагынан азиат улутундагы, болжол менен 24-26 курактагы белгисиз 2 бала арыз ээсине карата бычак такап коркутушуп, 13 500 сом турган Samsung G5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, баасы 2000 сом турган күмүш шакегин, баасы 3500 сом турган күмүш чынжырын, накталай 1700 сом акчасын тартып алып кетишкенин билдирген. Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Бишкек ШИИББинин патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Ош облусунун жараны, Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда убактылуу жашап жаткан 1991-жылы туулган Р.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары башталды.