Адам өлтүрдү деп айыпталып, Бишкекте дарыгердин үстүнөн иликтөө башталды

8-апрелде Бишкек шаарынын 60 жаштагы тургуну Б.М. милицияга арыз менен кайрылып, өз даттануусунда жакын адамын дарыгерлер өлтүрүп койгонун айткан. Учурда арыздын негизинде териштирүү иштери башталганын Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматы билдирет. Окуя боюнча: Мындан бир ай мурун Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун Нейротравма бөлүмүнүн дарыгери Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну Дайырбек аттуу адамдын башына операция жасаган. Жабырлануучунун айтымында, дарыгер ишине шалаакы мамиле жасап, баш сөөк ичине 30 сантиметрлик медициналык бинтти унутуп калтырган. Натыйжада 7-март күнү бейтап каза тапкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан