24-июлда саат 18:54тө өлкө аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу Алай тоо кыркаларында жайгашып, Бор-Дөбө айылынан чыгышты карай 10, Кара-Киндик айылынан түштүк-батышты карай 22, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышты карай 25, ал эми Нура айылынан түштүк-батышты карай 45 чакырым аралыкта катталган. Анын күчү Бор-Дөбөдө 3, Кара-Киндикте 2 баллга сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы алдын ала алынган маалыматтарга таянып кыйроолор жана жабыркагандар жок экендигин билдирди.