Ысык-Атада аялын себепсиз сабап салган жаран кармалганын 25-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 22-июлда Ысык-Ата РИИБине Кант шаарынан 57 жаштагы К.Б. аттуу аял кайрылып, күйөөсү себепсиз эле сабап салганын айткан. Окуя болгон жерге Чүй ОИИББинин милиция кызматкерлери барып, аялын сабаган 60 жаштагы тургунду кармашкан. Ал Ысык-Ата РИИБине өткөрүлүп, иликтөө иштери башталды.