Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү пункту аркылуу экспортко жөнөтүлгөн товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо тапшырмасы берилди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы-Казакстан мамлекеттик чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен да таанышып чыкканын өкмөттөн билдиришти. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин маалыматына ылайык, аталган өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү күнүнө 250 унааны жана 3,5 миң адамды түзөт. Бүгүнкү күнгө карата көзөмөл-өткөрүү пунктунун жөндөмдүүлүгүн 8 миң адамга дейре жогорулатуу мүмкүндүгү бар.

Сооронбай Жээнбеков Чек ара кызматына физикалык жактардын тез жана ыңгайлуу өтүүсү, ошондой эле унаалардын кезексиз өтүүсү үчүн "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда тийиштүү шарттарды түзүү жана чек ара кызматкерлеринин санын көбөйтүү тапшырмасын берди.

Өкмөт башчы Абдикарим Алимбаевге кайрылып жатып экспортко чыга турган товарлар чек ара өткөрмө пунктунда кармалып турбашы керектигине токтолду. "Көзөмөл-өткөрүү пунктунун инфраструктурасын жакшыртуу зарыл. Товарларды өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүп, экспортко багытталган товарларды чыгарууда бардык бюрократиялык тоскоолдуктар алынышы керек", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан