Баткен облусунда 2016-жылдын 6 айында 45 күнөскана жана 2 логистикалык борбор ачылды. Маалыматты 25-июлда Баткен облустук администрациясынан билдиришти. Жарым жыл ичинде облуста 40 гектар жерге тамчылатып сугаруу системи киргизилген.
"Биринчи жарым жылдыкта 22 өнөр жай ишканасы ишин активдештирүү менен 8 миллион сомдук кошумча продукция өндүрүлдү. Токтоп турган 7 ишкана ишке киргизилип, 10,6 миллион сомдук продукция өндүрүлдү. Жаңы ачылган 40 ишкана өндүргөн продукциянын суммасы 31,7 миллион сомду түздү. Салык топтоо 505 миллион 245 миң сомду түзүп, 85 пайызга аткарылган", - деп айтылат маалыматта.
Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев район, шаар жетекчилерине жерлерди убагында трансформациялоо, токтоп турган ишканаларды жандандырууга, жаңы ишканаларды ачууга аракеттерди көрүү тапшырмасын берген.