Байтик айылында катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа даракты сүзүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 24-июль күнү саат 17:10 чамасында Бишкек-Байтик унаа жолунун 8-чакырымында болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан Ренж Ровер үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги даракты сүзүп токтогон. Ичиндеги 1975-жылы туулган Марс Артыков бутунан, 1976-жылы туулган Данияр Раимбеков жана 1978-жылы туулган Бектур Турсуналиев башынан жаракат алышкан. Алар “Тез жардам” унаасы менен ооруканага жеткирилишкен.