"Тигүү цехтеринин биринен март айынан бери кийимдерди уурдап жүргөн" деген шек менен 47 жаштагы аял кармалды

Тигүү цехинен наркы 105 миң сомдук кийимдерди уурдап кеткен жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришкендей, Б.А. аттуу шаар тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Арыз ээси 2016-жылдын март айынан бери Чүй кең көчөсүндө жайгашкан “Сетунь” мекемесинин имаратынын ичиндеги кийим тигүүчү цехтен К.К. аттуу аял жалпы баасы 105 000 сомдук ар кандай кийимдерди жашыруун түрдө уурдап жүргөнүн айткан.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин №1-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип Бишкек шаарынын 47 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалып, тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан