Кадамжай районунда мыйзамсыз арча кыйган Өзбекстан мамлекетинин жараны кармалды. Бул тууралуу Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча мамэкотехинспекциянын адистери билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча мамэкотехинспекция тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Таш-Булак жайлоосунан кошуна Өзбекстандын бир жараны кармалды.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө Таш-Булак жайлоосунда арчаларды мыйзамсыз кыйып, кыйылган арчадан үй салып жашап жана Өзбекстандын малын багып жүргөндүгү аныкталып, тийиштүү иш кагаздары толтурулуп, мыйзамдуу чечим кабыл алуу максатында Кадамжай РИИБине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми бүгүнкү күндө мамлекетке канча зыян келтирилгендиги тастыкталып жатканы маалым болду.