Бишкек шаарындагы аквапарктардын биринен 23 жаштагы жаран сууга секирип мойну сынып, баш мээси чайкалды

Борбор калаадагы аквапарктардын биринин 23 жаштагы кардары сууга секиргенде мойну сынып, баш мээси чайкалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:30 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө Токомбаев көчөсүндөгү аквапарктан кардар башынан жаракат алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген кызматкерлер 23 жаштагы жаран сууга секирип мойну сынып, баш мээси чайкалып, башынан жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан