2016-жылдын 17-24-июлунда Вьетнамдын Ханой шаарында биология предмети боюнча "LII International Biology Olympiad (VOVworld)" Эл аралык олимпиада өттү. Ага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 288 окуучу катышкан.
Кыргыз Республикасынан “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу: Эмир Касымалиев, Даян Мэлисов, Ислам Бекташев жана Садатбек уулу Байэл барган. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Таластагы “Манас ата-Себат” лицейинин окуучусу Даян Мэлисов жана Токмоктогу Жусуп Баласагын атындагы лицейдин окуучусу Ислам Бекташев коло медалга татыктуу болушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда мекеменин коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.
"Биология предмети боюнча бул олимпиада 1989-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 4 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында биология предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.