26-июлда Бишкектин айрым аймактарында таза суу токтотулат

Эртең, 26-июлда саат 09:00дөн 22:00гө чейинки аралыкта Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

"Бишкек суу-каналдын" маалыматына ылайык, Тыныстанов көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бөкөнбаев-Эркиндик-Фрунзе-Абдрахманов көчөлөрү менен чектелген аймакка, №24-мектепке, №144-бала бакчага, Ички иштер министрлигинин ооруканасына, Түркиянын элчилигине, Экономикалык өнүгүү министрлигине, КРнын Акыйкатчысынын имаратына, "Сейтекке", Тышкы иштер министрлигине, Бельгиянын консулдугуна, Өзбекстандын элчилигинин имаратына, Социалдык өнүктүрүү министрлигине, Ички иштер министрлигине, Орус драма театрына, Алыкул Осмонов атындагы китепканага таза суу убактылуу берилбейт.

"Бишкек суу-каналдын" башкармалыгы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана тургундар менен мекемелерден таза суу камдап алууну суранат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан