Баткен облусунун Баткен районунда ата-энесинен эрте ажыраган балдарга жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына Орозо айында чогултулган орозо-битирден акчалай жардам көрсөтүлдү. Кыш мезгилинде Орусияда өрттөн каза болгондордун балдары менен Баткен районунун аймагынан комиссия тарабынан тандалып алынган 24 балага 1000 сомдон жана райондун аймагындагы эки медресеге 10 878 сомдон акчалай жардам берилди. Андан соң балдарга жана алар менен чогуу келген жакындарына сый тамак уюштурулду.
"Балдардын жетим болуп калуусуна алар күнөөлүү эмес. Ал Жараткан тарабынан берилген сыноо. Ага эч кайгырбаңыздар. Тескерисинче, шүгүр кылып, артынан жакшылык келерин унутпаңыздар. Биз берип жаткан акчаны балдардын гана муктаждыгына иштетиңиздер. Балдарга керектүү болгон кийим, оюнчук, китеп жана калем сатып беришиңиздерди суранам", - деди райондун башкы имамы Нуридин Мамасабиров.
Бул жылы Баткен районунун аймагында орозо-битирден чогулган акчалардын 50 пайызы мечитте калтырылып, шарият талаптарына ылайык таратылды. 15 пайызы хатибиятка, 15 пайызы облустук казыятка, 20 пайызы муфтиятка которулду.