Таш-Көмүр шаарында куурчактын башына баңгизат жашырып, кара куурай өстүргөн 60 жаштагы жашоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Таш-Көмүр шаарында өстүрүүгө тыюу салынган кара куурай өсүмдүгүн өз үйүнүн короосуна өстүрүп жаткан тургун тууралуу маалымат милициянын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына түшкөн.
Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин алкагында тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада атайын сугарылып, өстүрүлгөн, жалпы салмагы 25-30 килограммды түзгөн кара куурай өсүмдүгү табылган. Мындан сырткары үйүнүн ичинен куурчактын башынан 15 грамм кургатылган марихуана жана 200 грамм кара куурайдын уруктары табылган.
Табылган заттар соттук-химиялык экспертизага жиберилген. Ал эми кармалган 60 жаштагы А.К. аттуу шаар тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.