Ошто кылмышкерди кармоо учурунда бычактан жаракат алган милиция кызматкеринин абалы жакшы

Ошто кылмышкерди кармоо учурунда бычактан жаракат алган милиция кызматкеринин абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Жабыркаган милиция кызматкери учурда Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Анын абалы баштагыга караганда жакшы. Кылмышкерди кармоо учурунда анын оң көкүрөгүнө бычак сайылган болчу”, - деп билдиришти Ош ОИИБинен.

Айта кетсек, окуя 22-июль күнү эртең менен болгон. Анда Кара-Суу районунан Тико үлгүсүндөгү унааны айдап качып келе жаткан кылмышкер Ош шаарында токтотулган. Аны кармоо учурунда ал бир милиция кызматкерин бычак менен сайып жиберген. Ошол жерден кылмышкер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lingkongjing
2016-07-25 18:11:57
Айыгып кетсин, тилек кылабыз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан