Бүгүн, 25-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Өлкөдө укук коргоо органдарын реформалоо иши тереңдей баштады... Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бактыбек Ашировду кызматтан бошотту. Анын ордуна аталган кызматты жетектөөгө Айбек Кадыралиев дайындалды.
Быйылкы жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында укук коргоо органдарын реформалоо чечими кабыл алынган эле. 12-июлда президент Алмазбек Атамбаев кеңештин “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” чечимине кол койгон. Ага ылайык, реформа 2016-жылдын соңуна чейин ишке ашырылат. Өзгөрүүлөрдүн бири жогорудагы жетекчиси алмашкан кызматка тийиштүү. Прокуратурадан алынган тергөө функциясы УКМК менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматына берилгени жатат. Тагыраагы, кызматтын укуругу узарып, таасири күчөйт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров “Супер-Инфого” өткөн санда берген маегинде минтип айткан эле: “Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматын алалы, биз башка органдардагы кайталанма функцияларды алып салып, бизнес тармагын силер эле карагыла деп жатабыз. Ишкерлерди үстөккө-босток баары текшере берерин жакшы билебиз. Бизнести мындай кой, бир айыл өкмөтүнө эле бир жылда ондогон текшерүү келет”.
Реформанын жүрүшүндө органдын башчылыгына ишенимдүү өз кишини дайындоо кадимки көрүнүш. Анткени буга чейин президенттик аппаратта иштеп жүрүп мекеме башчылыгына дайындалгандар бир топ, алар: БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов. Айбек Кадыралиев буга чейин президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Кыргыз жеринен чыккан мушкер Валентина Шевченко дагы бир жолу мыктылыгын далилдеди. АКШнын Чикаго шаарында эрежесиз мушташ боюнча өткөн “UFC ON FOX 20” мелдешинде мекендешибиз америкалык Холли Холмду ишенимдүү түрдө утту. Мелдештин 3 калысы тең Валентинаны жеңүүчү деп таап, спортчунун өзүн гана эмес, анын миллиондогон күйөрмандарын кошо кубандырды. Мекендешибиз эми чемпиондук кур үчүн ат салышууга даяр экендигин көрсөттү. Спортчунун беттешине Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов да барганы интернет баракчаларда жарыяланды. Аталган депутат спортко жакын. 2015-жылдын сентябрында Бишкекте айтылуу америкалык мушкер Жефф Монсон менен кыргыз уулу Замирбек Сыргабаевдин беттешин уюштурганы белгилүү. Валентина Шевченко мелдештерге Кыргыз өлкөсүнүн атынан эмес, Перунун атынан чыгып жүрөт. Спортчу менен келишим түзүп, мелдештерине акча сайган уюмдун талабы ушундай экенин Шевченко “Супер-Инфо” гезитине берген маектеринин биринде айткан эле. “Мунун баары каражатка такалат. Баары өзүң каалагандай болсо, туулуп-өскөн өлкөңдүн атынан чыкканга эмне жетсин! Бирок баары мен каяктан келгем жана кайсы жактын кызы экенимди билишет”, - деген Шевченко. Спортчу финансылык колдоонун жоктугунан башка өлкөнүн намысын коргоого аргасыз. Кыргыз жеринде намыска жарай турган спортчуларга өкмөттөн жетиштүү көңүл бурулган учур да келер...
Бишкек-Каракол трассасынын боюндагы дааратканалар кеч болсо да оңдолмой болду. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев 24-июлда Боом капчыгайындагы кафелердин ээлери менен жолугушуп, Ысык-Көлгө келген чет элдик туристтер кафелердин тейлөөсү менен дааратканалардын абалы начардыгын айтып жатышканын белгиледи. "Быйыл биздин аймакта ири масштабдуу иш-чаралар өтөт, ага ылайык, тейлөө жогорку деңгээлде болушу керек. Аймактын жакшы имиджи жана туристтик багыттын өнүгүүсү баарыбыздан көз каранды. Ажатканалардын абалын өзүнчө айта кетиш керек. Кыргыздар илгертен "эшигин көрүп, төрүнө өт" деп айтып келишкен, андыктан Ысык-Көлгө бара жаткан туристтер алгач коомдук тамактануучу жайларга жана ажатканага көңүл бурушат”, - деди облус башчы. Ал эми кафелердин ээлери даараткана көйгөйүн 1 айдын ичинде чечүүгө сөз беришти. Август айы кирип келди, дааратканаларды оңдоп бүткүчө сентябрь келип, жайкы туристтик сезон эшигин жабат. Жылдын башында бул кызматка келген облус башчынын эми гана шымалана киришкен деми жок дегенде туристтик сезон башталганга чейин ойгонсо болбойт беле?