Дүйшөмбүгө караган түнү АКШнын Флорида штатындагы аткылоодон 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Окуя Форт Майерс шаарындагы “Club Blu” аталышындагы түнкү клубда болгон. Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, белгисиз адамдар клубдун ичине киришип, эс алып жаткандарга карата ок чыгарышкан. Анын кесепетинен 2 адам каза таап, 17 адам жабыркаган. Кылмышкерлердин бири ошол эле жерден кармалса, бири качып кетүүгө үлгүргөн.
Айрым маалымат агенттиктери ошол түнү аталган клубда өспүрүмдөрдүн кечеси өтүп жатканын жана жабыркагандардын арасында 12-13 жаштагы балдар бар экенин жазышууда.