Кыргыз мамлекетинде 2016-жылдын 6 айында 36 миллиард сом салык жыйналды. Каржы министрлигинин билдиришинче, салык жыйноо планы 98 пайызга аткарылды. Топтолгон салыктын суммасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллиард 703 миллион 900 миң сомго көп экени айтылат маалыматта. Мамлекеттик салык кызматы 23 миллиард 713 миллион 200 миң сом, Мамлекеттик бажы кызматы 13 миллиард 74 миллион 800 миң сом жыйнаган.
Ишканалар жана уюмдар тарабынан мурда берилген ссудалар жана кредиттер боюнча 2 миллиард 357 миллион 900 миң сом кайтарылган.