Борбор калаада алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1964-жылы туулган Бактыгүл Асаналиева 2015-жылдын ноябрь айынан азыркы тапка чейин "унаа сатып берем" деген шылтоо менен унааларды алып, изин жашырып кетчү. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эгерде бул аялдан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюңуздар: (0555) 10-26-15, (0700) 71-78-88.