Төмөнкү Ала-Арча айылында белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 20:59да "Тез жардам" кызматына 22 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз айдоочу Төмөнкү Ала-Арча айылынан сүзүп кеткенин билдирген. Дарыгерлер медициналык кароо жүргүзүп, жабырлануучу башынан оор жаракат, сол колунан жана ичинен жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жаткырылган.