Америкалык "Boeing" авиаконцернинин изилдөөлөрү боюнча, Орусия менен КМШ өлкөлөрүнө кийинки 20 жылда жарандык авиацияда 1,5 миллиондой учкуч жана техник керек болот.
Ал эми 2016-2035-жылдардын аралыгында авиация өнөр жайынын коммерциялык дүйнөсүндө 617 миң жаңы учкуч, 679 миң жаңы техник, 814 миң жаңы борттук коштоочу керектиги божомолдонууда. 2016-жылы былтыркыга караганда учкуч адистигине болгон талап 10,5 пайызга өскөн болсо, техникалык тейлөө адистерине болгон талап 11,3 пайызга жогорулаган.
Бул адистиктерге талап учактардын санынын көбөйүшү менен өсүп жатканын түшүндүрөт авиаконцерн.
Бул божомолду "Boeing" авиаконцерни жыл сайын жаңы 31 миң учкуч, 35 миң техник жана 40 миң экипаждын мүчөлөрү талап кылына турганына таянып түзгөнүн билдирген.