Бишкектеги үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана 2 уулун бычактап кеткендер кармалышты

Бишкектеги үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана 2 уулун бычактап кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Кылмышка шектүү катары 2 адам кармалды. Учурда аларга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Толугураак маалымат кийинчерээк берилет", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Эске салсак, окуя 6-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында борбордогу Тынчтык жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда К.Ү. аттуу үй ээси намаз окууга даярданып жаткан учурда үйүнүн 1-кабатынан бирөөлөрдүн үндөрүн уккан. Бөлмөсүнөн чыккан үй ээси 2-кабатка чыгуучу тепкичтен беттерине медициналык бет кап кийген, 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз 4 жаранды көргөн. Үйдү тоноого киргендер үй ээси менен мушташып, аны бычактап, өз бөлмөлөрүнөн жардамга чуркап чыккан 26 жана 21 жаштагы уулдарын да бычактап, изин жашырып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabaev
2016-07-26 12:17:52
Кандай гана мыкаачылык ((
0
OMURBEK.
2016-07-26 13:05:35
Биздин милицияларыбыз молодес эгерде даагы бир бечааранын эле мойнуна илип жатбаган болсо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан