Пара алды деп шектелип Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу кармалды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Т.Т. аттуу окутуучусу пара алган деп шектелип, 8-апрелде кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, аталган окутуучу жергиликтүү тургундан диплом алып берүү үчүн 100 доллар талап кылган. Мындан сырткары ал 2013-жылдын март айында да 20 000 сом пара алгандыгы белгилүү болду. Ал эми мугалимди тинтүүгө алганда жанынан 5000 сом табылган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат, айыпталуучу үй камагында. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан