Өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай" программасы бюджеттик мекемелерде уюмдарда иштегендерге кол жетерлик эместигин убакыт көрсөттү. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 26-июлда билдирди. Депутат мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйынында пайыздык чендерди түшүрүү, пайыздарга 2-3 жылга мораторий киргизүүнү сунуштай турганын айтат.
"Ипотека боюнча коммерциялык банктарга кайрылгандардын көбү максатына жетпей жатат, анткени алардын айлык акылары пайыздарды жабууга жетпейт. Муну биз башында эле билгенбиз, бирок демилгечилер банктар үй алуучунун жакындарынын кирешелерин кошо эсептей турганын айтып ишендиришкен эле. Иш жүзүндө баары башкача болууда", - дейт Бекешев.