Бишкектеги мектептердин биринен өрт чыкты

Бүгүн, 26-июлда Бишкектеги №71-мектептен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, саат 11:00 чамасында аталган мектептин спорттук залында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынын эки унаасы менен суу чачылып, өрт 12:45те толугу менен өчүрүлдү. Анын кесепетинен залдагы спорттук килемдер күйгөн. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KGstan1981
2016-07-26 13:57:51
Эмне эле болуп жатат Бишкек шаарына жин тийдиби туруп эле коп кабаттуу уйдун чатыры куйуп кетет,туруп эле музей куйуп кетет,туруп эле мектеп куйуп кетет
+1
Lintel
2016-07-26 14:31:23
KGstan1981,Туруп эле АК уй жана ЖКда жанып кетпесе экен эми
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан