Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов менен жолугушуп, жарым жылдыктын жыйынтыгын талкуулады. Осмонов салык топтоо боюнча жарым жылдын планы 95 пайыз аткарылганын, июнь айында 650 миллион сом салык жыйналганын айтты. Салыктык төлөмдөрдү топтоону жакшыртуучу долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, алардын бири деп "Сосновка" өткөрүү пунктунда салык төлөмдөрүн кабыл алуучу борбор ачылганын мисал кылды.
"Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында кирешелерди чогултуу боюнча Социалдык фонддун функциялары Салык кызматына өткөрүлөт. Пилоттук негизде долбоор Бишкек шаарынын Октябрь, Чүй облусунун Сокулук районунда ишке киргизилди", - деди Осмонов.
Премьер-министр экономикалык өсүш тикелей салыктык түшүүлөргө байланыштуу экенин белгилеп, төлөмдөрдү толук чогултуу тапшырмасын бергени айтылат маалыматта.