Бишкектеги үйлөрдүн биринин жанынан граната табылганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Бишкек ШИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 25-июлда саат 22:00 чамасында ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүштү. Натыйжада мурда соттолгон 58 жаштагы Ч.В. аттуу тургундун үйүнүн жанынан РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери башталды.