Алмазбек Атамбаевге өлкөдө коррупция менен күрөшүүнүн абалы тууралуу маалымат берилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 27-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын төрагасы Улан Исраиловду кабыл алды. Мамлекет башчыга коррупциялык кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө боюнча аталган органдын жасаган иштери, мамлекеттик башкаруу системиндеги коррупция менен күрөшүү боюнча мындан аркы пландары тууралуу маалымат берилди.

Өлкө жетекчиси коррупцияга каршы чараларды мындан ары өркүндөтүү тапшырмасын бергенин билдиришти президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан