26-июлда Пенсильвания штатында болуп өткөн Америка Кошмо Штаттарынын Демократиячылдар партиясынын жалпы жыйынында Хиллари Клинтон ноябрь айында өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары бекитилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги бүгүн, 27-июлда жазып чыкты.
Ошентип, 240 жылдык тарыхы бар АКШнын башкаруу тутумун түзүүчү партияларынан биринчи жолу аял киши талапкер катары бекитилди. Эске салсак, аталган партиянын ичинен Клинтондон тышкары Берни Сандерс да ат салышууга талапкерлигин койгон.
Ушул жылдын ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоодо Хиллари Клинтондун эң күчтүү атаандашы катары Дональд Трамп турат. Дональд Трамп Республикачылдар партиясынан расмий түрдө президенттикке талапкер болгон.
Клинтондун программасы: кирешелердин теңсиздигин жоюу, иштеген аялзатын колдоо, минималдуу маянаны жогорулатуу, мектепке чейинки билимди өстүрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо.