Кыргыз жеринен чыккан атактуу мушкер Валентина Шевченко Мушкерлердин абсолюттук чемпиондугунда (UFC) 61,5 килограмм салмактагы мушкерлердин рейтингинде 3-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жазылган.
24-июлда Шевченко "UFC on Fox 20" мелдешинде Дүйнөнүн экс-чемпиону Холли Холм менен беттешип, упай катыштыгында жеңишке жетишкен. Бул жеңиш анын рейтингдеги 7-орундан 3-орунга секирик жасоосун камсыздаган.
Бул салмак категориясында чемпиондук наам бразилиялык Аманда Нунездин колунда. Рейтингдеги биринчи орунду экс-чемпион Миша Тейт (АКШ) ээлеп турса, экинчи орунда Ронда Роузинин (АКШ) аты жазылган.