Аксы районунда мамлекеттик чек араны бузганы үчүн өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-июль күнү "Ала-Бука" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан Өзбекстан Республикасынын жараны кармалган. Ал мамлекеттик чек араны бузуп, Кыргыз Республикасынын аймагына өтүп кеткен. Тийиштүү документтер толтурулуп, өзбек жараны Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.