Көчмөндөр оюндарына даярданып жаткан бийчилерге түшкү тамак бербей, тыныгууга да чыгарбай жатышканын SUPER.KG порталына өздөрүн ыктыярчылар катары тааныштырган окурмандар WhatsApp аркылуу бүгүн, 28-июлда билдиришти.
"Мен Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчысымын. Мурда күнү, 26-июлда маалымат каражаттары бизге тамак берилип жатканын айтышты. Андай эмес! Бизге өтө орой мамиле кылынып жатат. Тамак бермек тургай, тыныгууда дүкөнгө да чыгарбай жатышат. Эшикти саат 10:00дөн 14:00гө чейин бекитип салышат. Алгачкы күндөрдө жадакалса суусуз бийледик. Азыр эми ыктыярчылардын көңүлү калып, кача башташты, бирок кыйнап эле келтирип жатышат", - дейт окурман.
"Мен өзүм 2014-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкам. Ал кезде мага баары жаккан. Андагы оюндарда бийлеген учурда алган сезимдерди мында да алгым келет", - деп кошумчалады окурман.
Ушул эле маселе менен дагы бир окурман кайрылды.
"Телеберүүдө биздин хореограф бийчилер үчүн тамак берилип жатканын айтты, алар акчаны алганы менен, бизге эч кандай тамак беришпейт. Медициналык адистер да бөлүнүптүр, бирок бизге алардын келгенине 2 гана күн болду. Башында маршруттук такси менен барасыңар дешкен, эми поезд менен деп айтып жатышат. Бул оюндарга канчалаган каражат бөлүнгөн. Ал каражат туура эмес колдонулуп жатат. Тыныгууга болгону 10 мүнөт берилет, ал убакта чоң юбкаларыбызды чечкенге гана жетишебиз, дүкөнгө бара албайбыз", - деди окурман.
Эки окурман тең анонимдүүлүк сакталуусун суранышканын кошумчалай кетебиз.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.