Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-июлда Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, сапар алкагында президент Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүнүн оңдоо иштери менен таанышты. Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров президентке жолдун капиталдык курулушуна бюджеттен 160 миллион сом бөлүнгөнүн жана жолдун туурасы 18 метр боло турганын айтты. Аталган унаа жолду август айынын аягына чейин оңдоп бүтүрүү пландалып жатат. Алмазбек Атамбаев Балыкчы шаарынын тургундары үчүн бул жолдун маанилүүлүгүн белгилеп, оңдоо иштерин сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан