Орусиялык басылма: "Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүп, жакынкы 4 жылда премьер-министр болууну пландап жатат"

"Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкөнү парламенттик республикага айлантып, кийинки 4 жылда премьер-министр катары өлкө башчы болуп калууну көздөп жатат" деп орусиялык "Русская планета" басылмасы 26-июлда жазып чыкты.

Бул маалыматты аларга кыргыз бийлигине жакын өздүк булагы айтканы маалым болду.

"Конституцияга өзгөртүүлөрдү үстүбүздөгү жылдын октябрь айында киргизүү пландалууда. Жыйынтыгында Атамбаевдин ордун президенттин аппаратынан бирөө ээлейт, ал эми бийлик формалдык түрдө анын колунда кала берет", - деп жазылат маалыматта.

Учурда Кыргыз Республикасы - парламенттик-президенттик республика. Президент 6 жыл башкарат, бир эле адам 2 жолу президенттикке шайланбайт. Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда кызмат ордуна келген, 2-жолу шайлана албайт.

Басылманын маалыматы боюнча, өздүк булагы конституциялык реформа тууралуу документтердин көчүрмөсү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Парламенттик башкарууга өтүү чечими жайдын аягына чейин чыгарылат, ал үчүн каникулдагы депутаттар чакырылышат. "Референдум октябрь айына белгиленсе, 2016-жылдын аягына чейин парламент аркылуу президент премьер-министрдин кызматына отурса, аппараттан бирөө анын ордун ээлейт", - деген булак.

Булактын айтымында, бул чечим өлкөдөгү жөнөкөй эмес кырдаал менен байланыштуу. Бюджетте каражаттын жоктугу кээ бир категориялардагы адамдардын маяналарынын төлөнүшүн токтотуп, учурдагы бийликке болгон нааразычылыкты өстүрүшү мүмкүн. "Атамбаев Конституцияны өзгөртүп, атаандаштары президенттик шайлоого даярданууга үлгүрбөй калуусуна аракет көрүүдө. Эгер талапкерлигин койсо, "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов ага күчтүү атаандаш болот", - дейт басылма.

Басылманын булагы реформаны ишке ашырууга болорун белгилеген. Себеби учурда парламентте президенттин партиясы жана аны колдогон дагы бир жашыруун түрдө түзүлгөн "Кыргызстан" партиясы көпчүлүктү түзөт. Ошондой эле булак бул чечим жокко чыгарылышы мүмкүн экенин айтканы менен, иш бир топ эле тереңдеп кеткенин белгилеген.

Борбор Азия боюнча өнүгүү институтунун директору Алибек Тусупбековдун басылмага берген маегинде Конституцияны өзгөртүүгө 2020-жылга чейин мораторий жарыяланган. "Ага карабастан, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экендиги тууралуу сөздөр болгон", - деген Тусупбеков.

Анын ою боюнча, мындай өзгөрүүлөр ишке ашышы мүмкүн эмес, себеби өлкө эл аралык аренада "демократия аралы" катары белгилүү. Сырткы донорлордон көз каранды болгону аз келгенсип, "демократияга каршы" болгон мыйзамдарды кабыл алуу аракети үчүн 2-3 жылдан бери батыш структураларынын сынына кабылып жатат.

"Мындай иш-аракеттерге батышта гана эмес, өлкөнүн ичинде да каршылык болушу мүмкүн. Ансыз да оппозиция өлкө демократиядан алыстап, укуктар бузулуп жатканын айтууда. Учурдагы бийлик деле 2010-жылы элдин чогулган нааразычылыгынан улам келген. Атамбаев жана анын жакындары мындай кооптуу жагдайды түшүнүшү керек", - деген Тусупбеков.

Басылма президенттикке Темир Сариевди жана Өмүрбек Бабановду реалдуу талапкерлер катары жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан