Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Кабыл алынган мыйзам жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Бул мыйзам менен "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине оңдоолор киргизилет. Мисалы, бул мыйзамда колдонуудагы мыйзамдарды "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" КРнын мыйзамынын ченемдери менен айыл конуштарын администрациялык-аймактык бирдик катары алып салуу бөлүгүндө шайкеш келтирүү каралган.
Мындан тышкары "жарандык абалдын актыларын жазуу органдары" түшүнүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарын, дипломаттык мекемелерди өз ичине камтый турганын эске алып, кабыл алынган мыйзам тарабынан колдонуудагы мыйзамдарга редакциялык мүнөздөгү тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, андан тышкары колдонуудагы мыйзамдардагы кемчиликтер бир катар тескери кесепеттерге алып келип жатканын белгилөө керек. Мисалы, жарандык абалдын актыларын каттоодон өткөрүү үчүн инсанды күбөлөгөн документтер тизмесинин жоктугу жарандык абалдын актыларын жазуучу органдардын жарандарга ар башка мамилесин жаратып жатат.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жогоруда аталган мыйзамдын ченемдери менен жөнгө салынарын эске алууга байланыштуу, бирдей укук колдонуу практикасын белгилөө максатында бул мыйзамды жарандык абалдын актыларын толтурууга зарыл документтер тизмесин так белгилеген жоболор менен толуктоо сунушталат.
Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.