Бишкектеги жарылуудан көз жумган адамдардын аты-жөнү такталды

9-апрелде саат 18:30 чамасында Бишкектин батыш тарабында жарылуу болуп, кырсыктан 2 адам көз жумду. Бүгүн, 10-апрелде алардын аты-жөнү такталганын ИИМдин маалымат кызматы билдирет. Алар 1987-жылы туулган сүрөтчү Анатолий Колесников жана 1989-жылы туулган Андрей Колесников аттуу бир туугандар экендиги белгилүү болду. Каза болгондор жарылуучу затты (снаряд) араалап жатканда кырсык келип чыккан. Учурда бул каражаттар кайдан келгенин тактоо иштери жүрүп жатат. Окуя Жумушчулар шаарчасындагы Космический көчөсүндө болуп өттү. Айта кетсек, Анатолий Колесников буга чейин аскердик курал-жарактардын калдыктарынан ар кандай буюмдарды жасоо менен алектенип жүргөн. Кырсык болгон күнү бир тууганы Андрей ага жардам берип жаткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mr_aminov
2013-04-09 23:13:17
Эмне террористер бизге дагы келгенби?:-)
0
LEP888
2013-04-10 10:29:28
mr_aminov, Окуп анан жазсанар, снарядды аралап жаткан деп жазылып турат, таап алып аны металлга бергилери келген. Бул кырсык.
0
Basmachy111
2013-04-09 23:56:38
Башталганбы жанагы айткан, демократиясы Американын.
0
nurkojo
2013-04-10 00:26:02
Бул атайыын даярдалган.... Жарылат деп кутушкон эмес....
0
ayka982
2013-04-10 11:01:51
Жон эле адамдар болсо керек
0
kipchak
2013-04-10 14:34:31
Kyrsyk. Oshto da boldu ele go bir jyly. Anda da eki jaw bala kaza bolgon ele(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан