"Кайран элим, кайда баратабыз?!" баннеринин жаңы варианты алынып салынды

Байтик баатыр көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинде илинген "Кайран элим, кайда баратабыз?!" баннеринин жаңы түрү жайгашкан жарнактык тактасы “Коңурбаева” жеке ишканасына катталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан бүгүн, 28-июлда кабарлашты.

Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынан билдиришкендей, жарнак такта жайгашкан жердин ижарасы 2015-жылдын 25-декабрында аяктаган, жаңы келишим түзүлгөн эмес. Ижара аяктаган соң колдонгондугу үчүн 32 918 сом карыз топтолгон. "Тактоо учурунда ээси аталган тактаны башка бирөөгө ижарага бергени аныкталган. Ижарага алган адамга байланышканда ал эч кандай маалымат бербей турганын айтып, бирок жакын арада тактаны алып саларын билдирди", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Кызуу талкууга алынган баннерлер учурда алынып салынганы Бишкек шаарынын мэриясынан кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (90)
Abdurahman
2016-07-29 08:49:50
"Ханды Кудай ураарда оз элине кас болот"деген ушубу?
+3
zara__
2016-07-29 09:00:56
Аялдардын кийиминен башка иш калбадыбы буларга ким эмне киет озу билет адамдын ыйманы кийген кийими менен бааланбайт.Ошол баннер чыгарган не максатта чыгарып илип жатат.Заманга карап кийинишкен мисалы убагында энелерибиз паранжы жамынышкан кийин совет убагында аны чечип жарашыктуу кийине башташкан,азыр ачык кийнип куноо кылып жатса жазасын оздору тартышат.
0
Isaeva
2016-07-29 09:28:02
zara__,туура айтасыз. Заманга жана шартка карап кийинишет адамдар. Биз кыргыз эли кочмон калк болгондуктан, илгери ата-бабаларыбыз мал-жанын багыш учун ызгардуу жайлоолордо, тоодо боз уй тигип жашап келишкенин билебиз. Ал убакта энелерибизге элечек кийуу ынгайлуу болгон.
0
temirov76
2016-07-29 16:10:27
zara__,алар жазасын оздору эле тартып калса макул го,зордуктоо деген балеенин бир канаты ушундан келип чыкбайбы?
-2
Isaeva
2016-07-29 09:29:33
Банерлердеги суротторду туура эмес тандап алышкан. Бирок, кыргыз кыздарына айтайын деген мааниси туура эле.
-1
Isaeva
2016-07-29 09:32:23
Элечек кийген эжелердин ордуна, тизесин жапкан, кыргыз колоритиндеги койнок кийген, чачы экиге орулгон кыз менен паранжа кийген кызды койсо, туура эле кабыл алсак керек.
0
admin_portal
2016-07-29 09:40:23
Urmat_83, жеке айтышуулар купуяга!
+2
MMB
2016-07-29 09:44:04
Азыр копчулук туугандарыбыз чон атам чон молдо болгон деп айтышат, кыргыздар дин менен жашап келген Кыргыз кийимдери динге туура келет. Орустарды, эвропаны туурабай ата бабабыздын жолун жолдосок ошолор кийген кийимдерди кийсек Иншаллах АЛЛАХЫМ ыраазы болот
0
bek.kgz
2016-07-29 12:01:40
Аврат жерди жаап, башка эркектерге аялдык кооздуктарды корсотуп турган чапташкан койноктордун оордуна кенирээк болгон койнокторду кийсе деле болот. Созсуз арапка же башка бир улутка таандык кийимди кийуу абзел эмес. Болгону бул жердеги маселе дененин баарын жаап турган кийимдер (койноктор) кобунчо арап стилинде болгондуктан ошону кийип жатышса керек да. Жаштар учун сатылган койноктордун кобунун моюгдары тошко чейин ачык. Айла жок сиздер арабтыкын кийилет да.
-1
zevs
2016-07-29 12:03:19
elim kayda baratabiz albette jawoonun kiyinchiligin jeniw uchun bolgon araketti jumwap jatabyz jogoruda oturup eldi myskildagancha elderdin jakyr jawoosuna konul bursa bolmok akcha uchun iwtegeni elder talaalap ketti ozubuzdo iwteyin desen je jumuw jok bolso da aylik aky az jetpeyt. kyrgyzstan dele too kenge bay ozun ozu bakkanga jete turgan kudureti bar olko jogorudagilar bawlara albaganin sebebinen elder chet elge chygyp ketti. owentip miskyldagandin orduna kayra bizge wart tuzup berse jakwy
-2
zevs
2016-07-29 12:10:23
bolmok misaly investor dep alyp kelesiner alar kaalawincha bizdin ozdorunun jumuwuna paydalanat aylik aky men iwtegen kompaniyada 100 kitay iwteyt aylikakysy en azy 1000 dollar a bizdikilerchi bolbogon 20000 som aky alat any jemelep uruw uguplat uwul plakatty ilgenche kyrgyzstandyn elderinin kyzykchilygyn korgop koyso jakwy bolmok kelgen investorgo dele kyrgyzdin jumuwchularinin barkin kotorup any karagan adam jok biz iwtetip jatabyz nalog alyp jatabyz dep kiykirgandan bawkaga jarabayt
0
bek.kgz
2016-07-29 12:24:57
zevs, туура мисалы орусуяга келген чет элдик инвостордун компанияларына келген жаранды ишке албай кайтарып салуу ото аз жана аны иштен чыгаруу учун 3 айлыгын толоп анан чыгара алат, антпесе мыйзам боюнча ишчи компанияны сотко бере алат. Бизде болсо мыйзамды реформалайбыз деп дагы эле жумшак кресло артында журушот.
0
bek.kgz
2016-07-29 12:11:40
Дуйнодо чырлардын копчулугу диндин айланасында болуп калды, Кыргыз жергесине да коздорун артып турган адамдар жок эмес. Баннерлерди Кыргыздын патриотубуз деген уюм же топ эмес (мен ошолордон кутком) НПОлор илген . Белгилуу болгондой НПОлор каражатты чет элден алышат. Демек чет элдиктер биздин мамлекеттин онуугусуно каршы, анткени эл ортосунда чыр болгон мамлекеттин онугуусу кыйын. Европа биздин улуттук баалуулуктардын сакталышына куюшу кулкумучтуу болсо керек...
0
bek.kgz
2016-07-29 12:27:12
Ажого окшоп НПОго жок элимдин маселесин озум чечип алам сенин баннерлерин керек эмес дегендин оордуна, аймактын баардык жерине озум каражат берип илдирем деп, элдин динчил катмарына тукуруп койду. Акылмандуу ажого окшоп чечсе болот го ошол маселени. Мамлекеттин дин козомолдоочу кызамттары бар ошону колдон же башка органдарды. Элдин астына чыгып ушундай кылам тигиндей кылам деп чуу жаратпай...
-2
Frunze74
2016-07-29 13:46:52
Урматтуу кыздарыбыз, сураныч, кыздай болуп эле жургулочу. Кыз деген илгери назик жан, ыймандуу, адептуу болчу эле. Азыр оозунда чылым, бир колунда пивонун же энергетиктин ботолкосун кармаган кыздар кобойуп бара жатат. Кыздар арасындагы дедовщинаны, тилдешип-согушкондорун коруп оозун Ошту карайт. Аял киши кылчу кундолук иштерди жарытып жасаганды билбейт, колунан телефон тушпой, кеч сааттарга чейин кочодо журот, кааласа тунку клубдарга барышат. Кыздарын козомолдой албаган ата-энелер акмак озу!
0
Frunze74
2016-07-29 13:56:06
Кийингени эркектерди дуулуктурот, тошун корсоткон, киндиги ачык топиктер, энкейсе жамбашы, ич кийими корунуучу кыска юбкалар, шорта кийсе сандарын , жабышкан лосина кийсе чурайларын реклама кылган кийимдерди кийбей койсонор кантет?! Тизеден ылдый, денеге чапталбай бираз кенири отурган койнок кийсенер болбойбу? Чон эне, апаларыбыз паранжыны ыргыткан менен силердей жарым-жыналач кийинишкен эмес. Батыш эртен жыналач журсо, силер да жыналач журосунорбу заман талабы, мода деп?...
0
Frunze74
2016-07-29 14:03:41
Илгери "кызга кырк уйдон тыю" деп, ата-эне гана эмес, айылдагылар да кызды тескоочу. Жаман кыздын айынан ошол айылдын эркектери созго жыгылчу. Азыр кыздар башкаларды эмес, оз ата-энелерине да кулак салбай калышты. Эртен турмушка чыкса, нан жаап, тамак кылып, кир жууганды кыйратпайт, сын айтса кайнене, кайынсиндилери менен айтышып-тытышып жатып калат, анан ажырашат. Тарбия коргон кыз андай женил ойлуу болбос эле. Ажырашуулардын копчулугуно ошол женил ойлуулук, тарбиянын начардыгы себепч
+1
MoXiTo
2016-07-29 17:57:43
Frunze74, кой эми коп озунду кыйнаба , нерф кайра калыбына келбейт. Андан коро тирилигини тында ,эс ал , уй булоно конул бур. Сен бул жерде ыйлап оксуп чачыны жулуп озуну жерге кокко урганын мн ал кыздар сени укпайт , окубайт дагы...
-2
Jyrgal_msk
2016-07-29 21:24:54
MoXiTo,Кайра минус басып каршы чыгып атат де.Ай кыздар,кыздар!
0
temirov76
2016-07-29 16:26:31
Чек ара маселесин качан кантип чечебиз деген да баннерлерди илдиргенде сонун болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан