Кечээ Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ушул сел Кадамжай районуна караштуу Сары-Алтын айылында болду. Жамгыр 30 мүнөт тынбай жаагандыктан сел болуп, мөмө-жемиш бактары агып, дубалдар урады. Мындай окуя мындан 10 жыл мурун да катталганын айтып жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.