Аймактарда өнөр жай тармагындагы көрсөткүч төмөн. Мындан улам премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүн катуу сынга алды. "Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарында өндүрүү төмөн, абал жакшы эмес. Жалал-Абадда эле 7 эсеге төмөндөгөн. Бул талаптын жоктугунан улам болуп жатат. 9 айдын жыйынтыгында жылыш болбосо, жергиликтүү бийлик жетекчилерине чара көрүлөт. Силер элдин жасап койгон эмгегин көрсөтө албай жатасыңар", - деди Жээнбеков.