"Бажы чек арасы ачылгандан бери коңшу мамлекеттерден арзан товарлар көп келе баштады. Анын натыйжасында биздин көптөгөн ишкерлердин бизнеси зыян тартууда", - деп айтты экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөт жыйынында.
"1-июлдан баштап Орусиянын президентинин жарлыгы менен Орусиянын аймагы аркылуу Европа мамлекеттеринен Кыргыз Республикасы үчүн келе жаткан товарларды ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналардын, эгер алардын ГЛОНАСС системи жок болсо, алардын өтүүсүнө тыюу салынган. Бул маселе да биздин ишкерлерге бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Ошондуктан биздин Транспорт министрлиги бул маселени чечүү боюнча Орусия тарап менен тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же болбосо альтернативдик маршруттарды издөө зарыл деп эсептейм.