Финляндия өлкөсүнүн Хельсинки шаарында сойку кыздардын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сойку кыздардын массалык мушташы Хельсинки шаарынын борборунда орун алган. Кыздардын мушташуусунда бирин-бири тиштеп, бычак менен кол салгандар болгон. Айрым кыздар кол салуудан улам жаракат алышкан.
"Жаңжал бири-биринин аймагына кирип денесин саткан кыздардын аймак талашуусунан келип чыккан" деп айтылат маалыматта. Ал эми массалык мушташка катышкан кыздарды укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкен.
Белгилей кетсек, Финляндия өлкөсүндө сойкулук кызмат көрсөтүүгө мыйзам менен тыюу салынган эмес.