Бүгүн, 29-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Сот экс-депутат Урмат Аманбаевага карата Октябрь райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин өзгөртүп, аны абактан бошотту. Аманбаева “кылмышка шериктеш болуу” жана “кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Өлкөдө алгач коррупция, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталып камакка алынып, жыйынтыгында айып пул төлөө милдеттенмеси менен абактан бошотулган кезектеги депутат болду. 2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаардык соту экс-спикер Ахматбек Келдибековго 10 миллион сом айып пул салып абактан чыгарган. Келдибеков чечимге макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берген жок. Ал эми май айында Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев мунапыс мыйзамына илинип, 60 миллион сом айып пул төлөө менен эркиндикке чыкты. Бул окуялар коомчулукта сот ишмердүүлүгү боюнча түрдүү пикирлерди жаратты. Маселен, аталган чиновниктер тийиштүү жазасын албай калышканын, ал эми майда кылмыш кылгандар жылдап эркинен ажыратылып жатканын айткандар аз эмес. 2015-жылы ири суммада пара алып жатып кармалган экс-депутат Хажимурат Коркмазовду райондук сот 1 жыл 6 айга эркинен ажыратса, ири суммада пара алууга айыпталган Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Окшош кылмыш ишине эки башка чечимдин чыгышы сот бийлигине элдеги ишенбестикти тереңдетти. Мындай окуялар сот тармагы реформага муктаж экенин көрсөтүүдө.
Сырттагы кыргыз мигранттары которгон акчанын суммасы көбөйүүдө. 2016-жылдын 5 айында кыргызстандык мигранттар мекенине жөнөткөн акчанын суммасы 629 миллион долларды түздү. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул сумма 2015-жылдын 5 айындагы көрсөткүчүнө салыштырганда 4 пайызга көп. Акчанын 92 пайызы Орусиядан жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын жарандарынын басымдуу бөлүгү Орусия менен Казакстанда иштейт. 2010-жылдан 2014-жылга чейин мигранттардын акча которууларынын өсүшү туруктуу кармалып, 2015-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 25 пайызга түшүп кеткенин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тастыктаган. Себеп – батыштын экономикалык санкциялары, орус валютасынын долларга карата курсунун түшүп кетиши. Аздан болсо да которулган акчанын көбөйүп жатышы жакшы көрүнүш. Кыргыз жеринде сыртта иштеген жакындарынын эсебинен тиричилик кылган миңдеген үй-бүлөлөр бар. Алардын жашоосунун жеңилдеши эң оболу жумушсуздук көйгөйү күч мамлекетке пайда.
Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын прокурору Эркин Курманалиевдин автоунаасында жарылуу болду. Окуя эртең менен Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында орун алып, денесинен жаракат алган унаа ээсине бүгүн ооруканадан операция жасалды. Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборунун башчысы Сабырбек Жумабековдун айтымында, прокурордун абалы оор. "Автоунаадагы жарылуу прокурордун ишмердүүлүгү менен байланыштуу болушу мүмкүн" деген пикирлер айтылууда. Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар Курманалиев тергеген чуулгандуу иштердин бири "100 миң доллар пара алды" деп айыпталган Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевге козголгон кылмыш иши экенин жазышты. Прокурордун жакындарынын бири кылмышты анын кесиптештери кылышы мүмкүн экенин айтты. Укук коргоо органдары окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Өлкөдө ысырапкорчулуктан баш тартып, тойго кетчү акчаны кайрымдуулукка жумшоо көрүнүшү тамыр жаюуда. Бишкекте Азат Аманов аттуу активист үйлөнүү тоюн ири каражатка өткөрүүдөн баш тартып, акчасына 25 мектеп окуучусуна кийим, окуу куралдарын сатып бергени белгилүү болду. Мындай идея жубайларга, алардын досторуна таандык. Үйлөнүү тоюн кандай өткөрүү ар бир жарандын өзүнүн эрки. Өмүрдө бир келчү маанилүү күндү эсте каларлык өзгөчө шаан-шөкөт менен өткөрүүнү туура көргөндөр да арбын. Ошол эле учурда акчаны ыксыз сапырууну жектегендер бар. Ашыкча ысырапкорчулуктан баш тартып, жардамга муктаждарга кол сунуу көрүнүшү да жакшы саамалык. Бирөөлөр азыраак ойноп-күлүп, ал эми жардамга муктаждардын жүзүнө жылмаюу кирет.