Бишкектин Көлмө конушунун жолдоруна 7 миллион 13 100 сомго шагыл төгүлүүдө

Бишкектин Көлмө конушунун жолдоруна 7 миллион 13 100 сомго шагыл төгүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-июлда кабарлады.

Биринчи Май райондук администрациясынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын мэринин буйругун аткаруу үчүн аталган конушка шагыл төгүүгө тендер жарыяланган. Анын жыйынтыгы боюнча 10 көчөгө 7 миллион 13 100 сомдук шагыл төгүү тендерин "ЛОИ" жоопкерчилиги чектелген коому уткан. Ал 60 күндүн ичинде төгүлүшү керек.

Учурда шагыл Көлмө конушундагы Теңдик көчөсүнө төгүлүп жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KGstan1981
2016-07-29 16:49:16
Барекелде чон иш кылыпсынар борбор каалада жолго шагал тогуп))))
-1
edik-kg
2016-07-29 19:40:58
кочо сонунго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан