СУПЕРСТАН: Күйөөгө тийүүгө шашылгандын кажети барбы?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөгө тийүүгө ашыкпаган кыздар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"2050-жылга чейин Кытай менен Индияда үйлөнгөнгө аялзаты калбай, бойдок эркектердин саны 60 миллионго жетерин жазып чыгышкан. Азияда жалгыздыкты жактаган, никеден баш тарткан аялдардын көбүнүн материалдык абалы айрым эркектердикинен жогору. Ал тургай карыган ата-энесин, бир туугандарын баккан азиялык аялдар да четтен чыгат. Японияда бойдок аялдар аптасына 30 саат ордуна 40 саат иштеп, баласы, күйөөсү үчүн карьерасын курмандыкка чалгысы келбейт. Бирок коомдо “Качан күйөөгө тиесиң?” деген стереотип жоголбой келет. Бизде да акыркы жылдары турмушка чыкпай жүргөндөр четтен чыгат".

"Эч шашылбагыла, бирок шайтанга азгырылбагыла, кыздар. 35 жашта турмуш курсаӊ деле, Кудайым берсе бала жытын искейсиң. Эӊ негизгиси, бүтүн үй-бүлө, жакшы билим, тарбия болуп калды азыркы заманда".

"Шашылсаӊ да, шашылбасаӊ да баары Кудайдан. "Буйруп койгон тагдырга жай бассаң да жетесиӊ, буйрубаган тагдырга чуркасаң да жетпейсиӊ" демекчи, "кыздын базары бир жолу ачылат" деп элибизде бекер айтпагандыр. Ошондуктан базарыңар келгенде, колдон чыгарбай кармап калууңар керек. Ар нерсенин өз убагы менен болгону жакшы. Турмушка аттанарда жети өлчөп, бир кесүү керек".

"Шашкан кыз эрге жетсе да, этеги жерге жетпейт", "отурган кыз ордун табат, тапканда да зорун табат" дейт элибизде".

"Бүгүнкү күндө турмушка шашылбай эле чыгыш керек деп ойлойм. Анткени канчалаган жаш кыздарды ала качып алышат да, көп өтпөй турмуштары болбой калып жатат. Көпчүлүк учурда кыздардын тагдыры бузулуп жатат, балдар башка аял алып жашай беришет. Ал эми шашпай турмушка чыккан кыздардын турмушка, үй-бүлөлүк жашоого болгон көз караштары өзгөрүп, турмушту талдап калышат. Алар жеӊил ойлуулук кылбай, ар бир сөзгө маани берип, жашоого аракет кылышат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
maratbek88.88
2016-07-31 16:17:29
европанын менталитети кирип кели ататко 35 эрге тийсе. 1) 35 чыккан кызды келинди жашы чон кишилер алат 2чи турмуш катары 2 чи турмушуна кимдин тийгиси келет. 2)Бардык кыздар 20жаштан кийин эрге тийиш болсо керек ниети эртерак балалу болшушат а балалу балушту бардык каласа керекко дагы европаныкы кирип келбесе фигура сактайм же иштейм дебесе
0
krem
2016-07-31 16:45:17
куудул айтмакчи азыр 30га чейинки эркектер оздоруле тийип алышат каяктагы токолду айтип атасынар бир уйдо 2 эри мн жашап аткандарды коруп атабыз чал куйоосу пенсиясын берет жаш куйоосу озун берет
-1
Gulya21
2016-07-31 16:49:30
Бизде да кыздарды 20жаштан кийин турмушка узаткыла деген закон чыгарыш керек азыр жаш кыздарды эми школду буткон кыздарды алып качып кетип кыздар уй булодо тушунбостуктор болуп ажырашып кетип жатышат эркектерго башка дагын кызга уйлонуп алышат а кыздарчы бул жерде кыздарга кыйын болот кийин турмушка чыгышка да ойлонуп калышат
+4
Shekeev969798
2016-07-31 17:07:09
Эрте эле тийгиле 35 чыксанар каппкара далы болуп каласынарго
-4
begai93
2016-07-31 17:30:12
Мен дагы 23 ашып кетсе 25 жашка чейин нормально дейм.Негизи кеч тийсен баладан кечигесин дешетго, мен ойлойм Кудайым береерин унутпаса эле турмушка чыксан эле торойсунда! Анан да 11ди бутуп сыразу тийгендерге айтаарым; турмушка чыккандан кийин келин болобуз, аял анан кемпир болобуз ошону менен эч качан кыз боло албайбыз! Ошондуктан кыздык доорду суруп ( конеш чеги менен)ойноп кулуп, ата энебизге жардам берип кичине шашпай тийсек деле жетишебиз деп ойлойм. Бирок эртеби кечпи главное бакыт берсин!
+5
aidar.5115
2016-07-31 19:16:23
Каалаганынарды кылгылачы.
0
Erl017
2016-07-31 19:41:17
тандаган тазга жолугат
0
Otuz-Uul
2016-07-31 19:53:39
Негизи кыздардын турмушка чыгуу убагы 19-23 жаш болуш керек деп ойлойм.Мисалы 19 жашка чейин балалуу болгондо организим даяр эмес экен,23-24жаштан кийин жигитерди тандап калышат экен.Турмушка шашпай чыгам журо бербей чыгышынар керек:):):)Анткени азыр биздин олкобуздо ар бир эркеке 4-5тен кыз туура келет экен.Кыз кишинин эрте эле турмушка чыкканы жакшы деген ойдомун.
+1
Otuz-Uul
2016-07-31 19:55:42
19-23 жаш жакшы жаш деп ойлойм,андан кийин кеч болуп калат
0
arlekino
2016-07-31 20:46:08
З4 жашымда тийип жыргаган жокмун. Бирок олжом балам болду. Бир жылда кайра ажыраштым. Андан коро уян жашында эле тийген жакшы экен дейм. Бирок ал тагдыр го ага чейин ала калам деген деле болгон жоктой сезилген. Эркектер коркчу сенден деп коп уктум кийин. Даай алчы эмес. Сулуу сулуу эмес суйгон сулуу деген чындык. Дагы бир чындык бар кыздын чырагы кырк жанат дейт. Коробуз го бул чындыкты да.
+6
hayley
2016-07-31 22:36:39
Тууган Эжем 40 та болчу эки жыл мурун куйоого чыккан 47 жаштагыга биринчи нике у обоих хаха всем стереотипам
+1
sanzhar83
2016-08-01 00:23:01
Негизи так бир нерсе айтыш кыйын , бирок тушунукту куйоого , кайненеге туш болсо кызбала эртеле кеткени жакшы, анткени тилеке каршы 25 ке чыкканча кыздарда ар кандай нерселерге туш болуп жатышат, бироолор классташына алданат, дагы бири группалашына алданат,анан башка бироого турмушка чыгат. Ошондуктан кыздар 25 кечеин оздорун ото катуу кармаш керек же болбосо эртеле турмушка чыга бериш керек.
+1
Badr
2016-08-01 13:11:33
Просрочный болуп журо бербей кыздын эрте тынганы жакшы аял киши тороп мээримдуу эне болуш керек.
-1
aisu12345
2016-08-01 13:36:41
35ке чыкканда баласы 18ге чыгып калса жакшыго досторунун неберелери мн тен чонойтпой баласын
0
mikoo
2016-08-01 22:35:00
Эрте эле чыккан жакшы го..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан